Мончодо тапанча менен атам деп коркуткан

Мончодо тапанча менен коркуткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, окуя кече күнү саат 21.00дөр чамасында 102 пультуна Ак-Ордо конушунда бир адам мончого келгендерди тапанча менен коркутуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

«Окуя болгон жерге келген арыз ээси, 25 жаштагы И.Н., милиция кызматкерлерине белгисиз адам аны өлтүрөм деп коркутуп, орой сөздөрдү айтканын айткан. Шектүү ошол эле Ак-Ордо конушунун тургуну 27-жаштагы Ж.А кармалып, Сокулук районунун милиция бөлүмүнө жеткирилген. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 2017-жылдын 21-июнунда РИИБге катталды», — деп айтылат маалыматта.

Add your comment

Your email address will not be published.