Мектепте атышуу болуп, үч өспүрүм каза тапты

Он беш жаштагы окуучу мектептен ок чыгарып, үч окуучу каза тапты. Бул тууралуу Голос Америка агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта, Америка Кошмо Штатынын Оксфорд шаарындагы мектептеги атышуудан үч жашы жете элек өспүрүм каза болгонун жергиликтүү полиция департаментинин өкүлү билдирген.

«Тилекке каршы үч өспүрүм каза болгонун тастыктайбыз. Алар октон алган жаракаттан каза табышты. Мындан сырткары алты адам жабыркап ооруканага жеткирилди. Алардын бири мугалим болгон», — деди ИИМдин басма сөз катчысы.

Ок чыгарган 15 жаштагы өспүрүм жана анын колундагы автоман полиция кызматкерлеринин колунда.

Учурда окуя иликтенип,  100гө жакын укук коргоо кызматкерлери иштеп жатат .

Add your comment

Your email address will not be published.