Күйөөңдүн башкага кетип калганыңа өзүң күнөөлүсүң деп апам уруша берчү болду

Эки балалуу болгондон кийин күйөөм башка аялга кетип калган. Ага намыстанып мен төркүнүмө бардым. Мени таэнем багып өстүргөнгө апамдын кыялын деле көргөн эмесмин. Апамды ичинен жакшы тааныбайт элем. Апам катуу аял. Колундагы келини кире бериштеги бут кийимди тескери койсо да уруш чыгарат экен. Апамдын кыялын билген туугандарым апама каршы сөз айтышпайт экен. Мен келгенде эки күн тургандан кийин апам менин кийимдеримди жыйнатып, кайра күйөөм менен жашаган үйгө жеткирип койду. Апам күйөөмдүн кетип калганына мени күнөөлөп урушту. Бир айдан бери мени менен жашайт, кайненемден да апамдан корккондой коркуп түн уйкум бузулган эмес. Кокус чыным жуулбай калса же балдардын кийими ордунда болбой калса артыман ээрчип алып жасатат. Кынтык тапкан сайын: «Сен күйөөнү ушундай шалтуруктугундан улам кетирип ийдиң. Аял деген өзүнө да үйүнө да тыкан болушу керек. Эки балалуу болгончо тарбияланбаптырсың «- деген сыяктуу сөздөр менен урушуп жатат.   Өз апандан алыс өскөн да жаман экен, өзүм эне болгондо апамдын каарына калып, кыйналдым.

 

Add your comment

Your email address will not be published.