Күйөөм жылаңачтап видеого тартып алып, “интернетке чыгарам” деп коркутат

Жашым 39да. Бул менин экинчи турмушум. Жашаганыма беш жылдай болуп калды. Ушул жылдар арасында күйөөмдөн ушунчалык запкы жедим. Болор-болбос нерседен уруш чыгарып, айкырып-кыйкырып, колунда эмне турса ошо менен мени урат. Чыны, сковородка тамагы менен кошо ыргытат. Бир жолу тамак жеп жаткан, уруша кетип, мени сковородка менен урду эле, чачымдын баары картошка, май болуп жатып калды. Ызама буулуп ыйлагандан башка амалым да жок кала бердим. Мындай нерселер абдан эле көп болду. Дагы бир урушканда тепкилеп салды, чырылдап ыйлап отурсам, үстүмө бир чака сууну куюп жиберди. Кыштын күнү. Эмне колуна тийсе ошо менен уруп, эмчектеги кызымды тартып алып, суукта эшикке чыгырып таштачу. Көчөдө ары-бери басып, тоңгондо айла жок үйгө келсем, “эмне тамеки жыттанып, ким менен жатып келдиң?” деп тепкилеп, кызымды “эмизбе, сен арамсың” дечү. Кышында көмүр салган чаканы көмүрү менен үстүмө төгүп салган күндөрү болду. Кетип да калдым, ага да болбой, шантаж кылып, “интернетке антип чыгарам, тууган уругуңа минтип айтам” деп коркутуп, ушу күнгө чейин жашап жүрөм. Жылаңач кылып, видеого да тартып алган… Күчүм калбай, жашоодон көңүлүм калды. Учурда жашоом туңгуюкка кептелип, араң жүрөм…

Жаңыл 

«Азия Ньюс» гезити

Add your comment

Your email address will not be published.