Вт. Янв 25th, 2022

Кара-Балта шаарынын суу чарбасы канализациялык люктарды уурдоо менен күрөшүүнүн жолун тапты. Алар эми темир капкактарды бетондор менен алмаштырышмакчы. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Акыркы убакта темир капкактарды  уурдоо фактылары көбөйүп, тергөө амалдары оң натыйжа берген жок. Ал эми ачык кудуктар жарандар үчүн ыңгайсыз жана кооптуу болуп турат. Кырсыктарды болтурбоо жана каржылык ресурстарды үнөмдөө максатында суу чарба ишканасы бул абалдан чыгуунун жолун тапты», — деп билдиришкен. 

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *