Кайын энеме «дагы кыз » төрөйт экем» деп айтып алып өкүндүм

— «Таак», азыр ким экенин билебиз. Карасаң
көрсөтпөй жатканын.
— Батыраак эже, ким экен!
— Азыр, азыр …
— Куттуктайм, кыздуу болосуңар!
— Эмне? Жакшылап карасаңыз. Балким
жаңылып жатасыз? «Точно» кыз бекен.
— Жаңылбай-этпей эле.
Уул күтүп жүргөн үмүтүм үзүлдү. УЗИден
чыгып алып ыйладым. Кезекте турган
келиндер таң калышты. Күйөөм чалды.
«Дагы кыз экен»,- деп телефонду басып

койдум. Үйгө жөнөдүм. Босогодон аттаар
замат ойноп жүргөн кыздарыма
атырылдым. «Үйдүн кебетеси кантет?
Оюнчуктарыңарды жыйнагыла!» Сүйлөнүп
кийимдерин которуп, тамагын бердим.
Жолдошум келди. «Эмне эле болуп
жатасың? Ичиңдеги баланы ойлосоң боло?»
деди. Андан дагы ачуумду чыгардым.
Шайым кеткенде, «кыздарды кара», деп
бөлмөмө кирип кеттим.
Үч кызым бар. Улуусу төртүнчү класс болуп
калды. Кичүүсү эки жашта. Эркек төрөп
алайын дегем. Ойлогон оюм ордунан
чыкпай калды. «Дагы кыз!». Башымда ушул
сөздөн башка эч нерсе жок. Тагдырыма

койдум. Үйгө жөнөдүм. Босогодон аттаар
замат ойноп жүргөн кыздарыма
атырылдым. «Үйдүн кебетеси кантет?
Оюнчуктарыңарды жыйнагыла!» Сүйлөнүп
кийимдерин которуп, тамагын бердим.
Жолдошум келди. «Эмне эле болуп
жатасың? Ичиңдеги баланы ойлосоң боло?»
деди. Андан дагы ачуумду чыгардым.
Шайым кеткенде, «кыздарды кара», деп
бөлмөмө кирип кеттим.
«Садагаң болоюндар!» Кайын энемдин
үнүбү? Же уйкусурап жатамбы? Көзүмдү
ушалап зорго ачтым. Сыртка чыксам кайын
энем кыздарымды ойнотуп отурат.
— Келиңиз апа.
— Биз минтип келип калдык.
— Азыр чай коеюн.
— Ра — Рахмат курсагым ток.
— Коюңуз, чай ичели.
— Келчи сүйлөшөлү.
Көз жашымды көлдөтүп УЗИге барганымды,
дагы кыз төрөй турпганымды айттым.
Күйөөмөн, кыздарыман ачуумду
чыгарганымды жашырган жокмун. Кайын
энем сөзүмдү бөлбөй унчукпай угуп отурду.

«апалап» жаныман чыгышпайт. Ичимдеги
баламдан, кыздарымдан, күйөөмдөн
кечирим сурадым. Чай кайнады. Чогуу
отуруп алып кайын энем көтөрө келген
конфет менен чай ичтик.
http://Bilesinbi.kg

Add your comment

Your email address will not be published.