Вт. Янв 25th, 2022

Турмушка чыкканыма сегиз жылдан ашты. Төрт балам бар. Кудайга шүгур баары жакшы, жумушум үйум бар. Убагында баарын камсыздаганга жетишем. Кызыгы күйөөм барган сайын таарынчаак болуп жатат. Карантин учурунда балдардын ызы-чуусуна чыдабай зирпилдеп, экөөбүз эки күндүн биринде урушуп калганбыз. Бир күнү апасыныкына кеткен бойдон келбей койду. Кайненеме чалсам аялым балдарына болушуп мени менен урушуп жатат деп отурат деди. Эмне дээримди билбей калдым. Бир чети күлкүм келсе бир чети ачуум келди. Ошентип кайненем келип кетип биздин ортобузда телефонго айланды. Ошентип акыры келген. Эми депрессия болуп жатам деп бир бөлмөдө кечке камалып отурат. Колунан телефон түшпөйт. Төрт баламдын кыялы бир тең күйөөмдүкү бир тең болуп жатат. Күйөөмдү эмне кылсам эркектик мунөзгө жеткирем?

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *