БШКнын сайтындагы шайлоо жыйынтыктарынын баары өчүп кетти

Парламенттик шайлоодогу бюллетендердин 30% ашууну кол менен саналып бүттү — бул 30-ноябрь, кечки саат 21:00гө карата маалымат.

Бирок, «Социал-Демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков кечки саат 20:18ге карата эсептердин баары өчүп кеткенин айтып чыкты. Ал бул көрүнүштүн скриншотун бөлүштү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык базасы 2:00гө карата бергендей көрсөткөндөй, 2494 шайлоо тилкесинин 470ке жакынында бюллетендер эсептелди. Ал эми автоматташтырылган системада 97% ашуун бюллетень саналды.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өткөн. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Add your comment

Your email address will not be published.