Пт. Янв 21st, 2022

Акылдуу үй системасын бузуп, ал аркылуу интимдик мамилелерди тартып алгандар ири суммада тымызын сатып келишкен. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты .

Маалыматта, окуя Түштүк Кореяда катталган. Ал жактагы акыркы салынган үйлөр жана мүлктөр интернет аркылуу башкара турган интеллектуалдык технологиялар менен жабдылган. Бул тиричилик техникасы, коопсуздук кулпулары, лампалар, муздаткычтар, кир жуугуч машиналар жана кондиционерлер. Хакер CCTV камераларына жана башка акылдуу аппараттарга кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, андан кийин үй ээлеринен интимдик мамилелерин видеого тартып ошондой эле жылаңач сүрөттөрүн уурдашкан.

Жергиликтүү медиа кабарчысы IT Chosun дарекнетте потенциалдуу сатып алуучу катары өзүн тааныштырып, хакер менен түз байланышка чыккан. Анда хакер  журналистке сүрөттөр менен  жана видеолорду сатууда  бир биткоиндин ондон бир бөлүгү же болжол менен 5,7 миң доллар баасында бир катар кыймылсыз мүлк объектилеринин баасына жакын каражатты сураган.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *