Балким мени сөгүп, менин дарегиме жаман сөз жазгандар чыгар. Макул мени каалаганча калчагыла бирок бир кезде мен ушундай жаман иш кылганга мажбур болгом. Окууну аяктаган күну мени алакачып кетти. Ага күйөө болгон жигит бир аз келсоорок окууну да бүткөн эмес эле. Болгону ата-энеси жакшы тургандар эле. Бир жумага жетпей кетип калдым. Бул кылыгым айылды чууга салды. Ата-энем сыртка чыга албай калды. Мен болбой шаарга кетип калдым. Ал жактан фаврикалардын бирине кирип иштедим. Эки жылдан кийин бир адам менен мамилелеш болуп кош бойлуу болуп калдым. Ал мага бойдок деп тааныштырып келген эле көрсө анын эки баласы бар экен. Азыркыдай ажырашып кетүү деген жок болучу. Элге шерменде болбоюн деп Ош базарынын жанындагы төрөт үйүнө көз жарып, баламдан баш тартып экинчи күнү чыгып кеттим. Бул менин тагдырымдагы эң азаптуу күн болду. Ошол окуядан кийин мен эч ким менен таанышпадым, турмушка да чыкпадым. Кудайга шүгүр байлык топтодум, бирок ошондогу кызыл эт баламды эстесем жараатым кайрадан ачылып, көксөөм толбой келди. Уулумду издедим бирок таппай койдум. Мага келген маалыматта уулумду төрөт үйунөн тымызын башкага берилип кетиптир. Азыр уулум тирүү болсо жыйырма бешке чыгып үй-бүлө күтүп калды. уулумду бир көруп өлс

Предыдущая статьяУКМК: Биз Масадыковдун кеңешине муктаж эмеспиз
Следующая статьяКайненеме деген акчаны алып аны карылар үйүнө өткөрүптүр

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here