Токио Олимпиадасына катышкан кыргызстандык спортчулар мекенине кайтып келди

Аларды «Манас» эл аралык аэропортунан ата-эне, туугандары, күйөрмандары жана ЖМК өкүлдөрү тосуп алды. Ал эми бийлик өкүлдөрүнөн президенттик администрациянын башчысы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев барды.

 

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив

Тосуп алуу аземи бүткөндөн кийин «Ала-Тоо» аянтында өлкө намысын коргогон спортчуларга арналып салтанат уюштурулат. 

Жайкы Олимпиада оюндарынан грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынып келди.

Жалпысынан Токио Олимпиадасына 16 спортчу катышкан, акыркысы болуп бүгүн жөө күлүк Дарья Маслова жарышка чыкты. Ал 88 жеңил атлеттин арасынан 36-болуп марага жетти.

Предыдущая статьяСадыр Жапаровдун 10 миң долларлык спорттук костюму интернетте талкууга алынууда
Следующая статьяBest Sports Bloopers 2015 Funny Sport Fails Compilation

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here