Мурдагы президент Аскар Акаевдин учурунда бир катар чоң кызматтарда иштеген коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков “Koom.press” сайтына анын Кыргызстанга келиши тууралуу маек курду.

— Аскар Акаевдин Кыргызстанга келүүсүнө сиздин канчалык деңгээлде ролуңуз бар. Себеби Акаевдин бийлиги убагында сиз Жалал-Абадда жетекчилик кызматта тургансыз. Мындан сырткары Камчыбек Ташиев өкүл балаңыз экенине кулак чалдык. Мындан улам ортодо сиз ортомчу болуп алып келгендейсиз?

— Кандайдыр бир деңгээлде салымым бар. Бирок чечүүчү роль ойногон жокмун. Башкы фактор – бул президент Садыр Жапаровдун саясий эрки болду. Камчыбек Ташиев менин өкүл уулум эмес, шакиртим. Анын мамлекеттик кызмат ишинде тарбия көрсөткөм.

— Буга чейин Бакиевдин учурунда ага карата козголгон кылмыш иштерине ошондо таптакыр жооп бербей калабы?

— Бакиевдин тушунда Аскар Акаевге ондогон кылмыш иштери ачылып, терең изилдөөлөр болгон. Эч күнөө табылбай ал кылмыш иштердин баары эбак жабылган.

— Акыркы учурларда мамлекетке зыян келтиргендер айып пул төлөп абактан чыгып кетип жатышат. Акаев дагы кандайдыр бир акча каражат мамлекеттин эсебине котороюн деген оюу жокпу?

— Аскар Акаев мамлекеттин бир тыйынын жебесе, анда эмнени төлөп берет?!

— Акылбек Жапаров Акаевдин айткандары калп деп жатат, буга сиздин пикириңиз кандай?

— Акылбек Жапаров кечээ айтты: “мен Аскар Акаевдин айткандарына комментарий берген жокмун. Менин атымды жамынып фейктер ушак таратып жатышат” деп. Бул сөздү өзүнөн тактап көргүлө.

Предыдущая статьяМасадыков: Убадага туруктуу адаммын…
Следующая статьяСадыр Жапаровдун 10 миң долларлык спорттук костюму интернетте талкууга алынууда

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here