Эри жок аялга кайра эрге тийгенге болбойт же экинчи болууга каршы чыккандар мага кеңеш берип акыл үйрөтпөй эле койгула. Мен жакында 36 чыгам. Колумда бир кызым бар. Иштеген ишим, үйүм, унаам бар баардык жактан камсыз аялмын. Эки жолу турмушка чыгып бирок отум күйүшпөй ажырашууга туура келген. Биринчи күйөөм менен он ай гана жашап кызым курсакта төркүнгө келгем. Андан кийин сегиз жыл аралыгында тытынып иштеп окуп, өзүмдү баардык жактан өнүктүрдүм. Экинчи турмушумда анын колунда калган кыздары сөз ташый берип эки ай гана жашадык. Бой жетип калган кыздар энеси турса мени эне деши кыйын экен.

Ток этер жерин айтсам, кызымды жалгыз кылгым келбейт төрөгүм келет. Кызыма шерик болор уул кыз төрөгүм келет. Балдарымды кыйналбай багууга кудуретим жетет. Акыркы кезде менин айланамда үй-бүлөсү бар адамдар толуп кетти. Менин колумду сурагандар да үй-бүлөсу барлар. Мен алардын үй-бүлөсүн бузгуп келбейт, бирок экинчи болуп турмушка чыгууга даярмын. Ажырашкандарга тийгим келбейт алар үй-бүлөсун бага албаган эркектер, баламдын алардай шалпык болушун каалабайм.

Предыдущая статьяКанга колу чыланган Бакиевдин кайтып келишин каалайсызбы?
Следующая статьяКүйөөм өлгөндөр түшүмө кирип жатат жакында өлөм дейт

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here