Ысык-Көлдөгү аквапаркта Стас менен кошо дагы бир бала өлгөнбү?

Ушул жылдын 27-июль күнү, Бостери айылындагы “Золотые пески” пансионатынын аймагындагы аквапаркта суу соруучу 500 диаметрлик түтүкчөсү 18 жаштагы баланы соруп кеткен. Куткаруучулар түтүкчөнү кесип, сөөктү алып чыгышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Коомчулукта түтүкчөдөн бир эмес, эки баланын сөөгүн алып чыгышкан. Баланы алып чыгып жатканда милиция кызматкерлери жакын жолотушкан эмес деген айыӊ кептер тарады.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына тактоо иретинде кайрылганыбызда, эки бала каза болгон деген маалыматты жокко чыгарды. Бир эле бала каза болгон. Мамэкотехинспекциясынын экспертизасы чыга элек. Учурда факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат. КР жаза кодексинин 135 жана 282 беренелеринин негизинде (135-берене. Этиятсыздыктан киши өлтүрүү) (282-берене. Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу) каралат.

Экспертизанын жыйынтыгы чыкса, андан кийин жоопко тартуу маселеси каралат.

Add your comment

Your email address will not be published.