Мен төрт жашка чыкканда атам башка бирөөгө бизди алмаштырып кеткен. Апам мени таенеме таштап шаарга иштегени кеткен бойдон бир айда бир келчү. Кийин башка адамга турмушка чыгып кетти. Мен болсо таэнемдин колунда калдым. Кундө түшумдө атамдын жытып жыттап мойнунан кучактап кетпе деп суранам, биз каткырып күлуп ойнойбуз. Эртен менен ойгонуп кеткенде түшумдү өзүмө ыраа көрбөгөн чымчыктарга жиним келип ыйлап алам. Ыйымды таенемен жашырам. Кантип айтам атамды сагындым жытын жыттагым келип жатат деп. Ал эми атам болсо сабактан келе жатсам күндө кийинки аялынан төрөлгөн уулун жетелеп астыман өтуп кетет. Мени тааныбаган түр көрсөтөт. Күндө мектептен тараганда атайын атамын үйүнүн астынан өтөм, кокус атам мени өзүнө чакырып кучагына кысып кызым деп айтабы деп күтөм. Ошентип жүрүп окууну да аяктадым. Ошончо жыл атам бир жолу кызым деп кайрылган жок. Ушунчалык мерез болуп калыптыр. Мен ага таарынбайм анткени ал менин атам. Бул чындык атамдын кетирген күнөөлөрүн да кечирүүгө даярмын. Атаке жок дегенде бир жолу мени кызым деп кучагыңызга кысып коюңузчу, сизге болгон кусам тарасын.

Предыдущая статьяСебиң мени уят кылды деп кайненем каарып жатат
Следующая статьяЦентерра голддун чагымы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here