Элге аттын кашкасандай белгилүү саясатчы Эдил Байсалов алыскы Англияга элчиликке кеткенине байкалбай эки жыл болуптур. Өткөн демалыш күнү кайран элчибиз жарым марафон (22 чакырым) жарышта эки саатта чуркап келгени кабарланып, соцтармакта сүрөтү да тарады. Биз ал кишини куттуктап телефон чалып, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ат жалында суроо узатканга үлгүрдүк.

— Эдике, жарым марафонду багындырыпсыз! Алкыш! Эртеңки (6-август) туулган күнүңүз менен! Маанай жакшыбы? Элиңизге эмне кызмат кыла алдыңыз? Кандай сөзүңүз бар?

— Рахмат! Ооба, бул жарыш былтыр март аягы өтмөк. Ошондо эле катышмакмын. Кашайып, канчалаган иш-чаралар пандемиядан улам жокко чыгарылып, пландар бузулуп, артка жылдырылды. Эми жаңыдан кайра ачылып келатат, буюрса. Билинбей эле келгениме эки жыл болуптур. Бирок, албетте, өткөн эки жыл башка мамлекеттердин он жылына деле тете. Ковидден тышкары, бизде дагы бир жолу элдик көтөрүлүш болуп, жетекчилик алмашылды. Ошол окуяларда эл аралык чөйрө менен тыгыз иштешип, бизде болуп аткан өзгөрүүлөрдү туура түшүндүргөнгө аракет кылдык. Айтор, бизде жумуш көп. Дипломатия көбүнчө тымызын жүргүзүлөт эмеспи. Аны жарнамалап же жасалган иш боюнча кайра-кайра прессага чыгып, отчет кылууну туура көрбөйм. Бирок, ишенимдүү айта алам, Лондондо биз эки тараптуу гана мамиле боюнча эмес, жалпы эл аралык чөйрөдө жетекчилик тарабынан коюлган улуттук кызыкчылыкты алдыга жылдыруу тапшырмаларынын үстүндө иштеп аткан чагыбыз. Бул боюнча маалымат азыр чыкпайт. Отуз-кырк жылдан кийин гана айтууга болот.

Тышкы саясат жөнүндө айта турган болсок, пандемия бир жарым жылды алып койду, баардык иштерди токтотуп. Бирок, мен ишендире алам, эгемендүү элибиздин намысын коргоп, кызыкчылыгы үчүн күндүр-түндүр күрөшүүдөбүз.

Ал эми ички саясатка келсек, мен он жылдан бери сындап келаткан жасалма парламент системасына азырынча чекит коюлганы эң туура болду. Мен жаңы Конституцияны иштеп чыгууга катыша алдым. Жаңы үмүт жаралды, күчтүү бийлик келди. Буюрса, баардык шарт түзүлдү. Эми чечкиндүү кадамдар менен элибиздин жашоосун жакшыртууга жол ачылды. Бул кыялды ишке ашырууга эки көзүбүз төрт, биз баарыбыз азыр колдоого алып, кызмат кылууга даяр турган учурубуз.

— Ошондой болгону жакшы дечи. Бирок, сиздин дарегиңизге сындар айтылып атат го, “мурунку Эдил жок, ал сын айтып турганы туура болчу” деп. Кээ бирөөлөрү “сатылып кетти” деп да атышат. Бул боюнча не дейсиз?

— Айтпаңыз. Азыр элибизден кандай гана сөз укпайсың. Бирок мындай көрүнүш учурда баардык эле жерде бар. Америкада болобу, Англиядабы, Түркия же Россиядабы, айтор, соцтармакта эң радикалдуу, абдан орой жана беттен алган ойду жазгандар популярдуу. Кыйкырык менен гана сүйлөсөң үнүң угулат турбайбы. Мен бул жактагы саясатчыларды көрүп таңгалдым, өкмөтүнө да өтө ыплас сөздөр соцтармактарда айтылат. Ага эч ким көңүл бурбайт экен. Бизде болсо болбогон эле кепти “элдин мүдөөсү жана талабы” даражасына жеткизип ийишет. Бийлик жана жооптуу саясатчылар арзан популярдуулукту көздөшсө, эч качан тарыхый ийгиликтерди жарата алышпайт. Ошондуктан, мени тааныбай туруп, дегеле менин баскан жолумду билбей туруп беттен алгандарга теригип, көңүл бурбайм, алаксыбайм дагы. Мен мурун кандай болсом, азыр деле ошондой элемин. Эгер мен жылуу-жумшак жашоону кааласам, он алты жашымда эле чет жакка көчүп кетмекмин. Мына менин курсташтарымдын баары эчак Австралия, Америкадан бери, жок эле дегенде Казакстанда эң чоң ийгиликтерди жаратып атышат. Убагында өтө ток жана кооз Швецияда деле калган жокмун го? Кайтып келдим. Мен өлкөмө кызмат кылбаганымда, сырттан бирөө келмек беле? Же болбосо, мен чоочун бирөөгө сатылып, иштеп атамбы?! Ошондуктан, бул көралбагандардын жана ичи күйгөндөрдүн эле сөзү. Ошолор эле “Эдил өзгөрдү” деп айтып атышат.

— Сиз күрөшүп жүргөн Аскар Акаев Бишкекке кайтып келди. Ага не дейсиз? Кесиптешиңиз Азимбек Бекназаров катуу сын менен “Азаттык” радиосуна чыкты. Бул жалпы эле силерге – революционерлерге жакпаса керек?

— Биринчиден, мен “Акаев мекенге кайтып келиши керек, өзүн-өзү сыйлаган мамлекет болсок, эл башчыларыбызды баалайлы” деп канча жыл мурун эле айткам. Азыр да бул көз караштан кайткан жокмун. Аскар Акаев жөнүндө мактасак дагы, сындасак дагы сөз түгөнбөйт. Ал тактыда отурганда катуу сынга алгам. Бирок, албетте, ал бийликтен жеке катачылыктарынын айынан, үй-бүлөсүн тыя албай, элдин колдоосун жоготкону үчүн кеткен. Аны өзү деле билет. Бир канча жолу кечирим сурады. Бул – тарых! Экинчиден, бул чечим азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдун чакыруусу. Ал киши өзү айткандай, “элдин башын бириктирем” деген ой менен ынтамыкты бекемдөөнү максат кылууда. Элчи болгондон кийин мен бул чечимди колдоого алуум милдет. Жеке пикиримди катардагы жаран болсом айта алам. Элчи болгондон кийин дегеле саясат боюнча катуу пикир айтууга укугубуз жок да.

Асланбек Сартбаев 

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статьяЫсык-Көлдөгү аквапаркта Стас менен кошо дагы бир бала өлгөнбү?
Следующая статьяКой-Таш окуясына күнөөлүүлөр Жунушалиев менен Опумбаев жазага тартылабы?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here