Центерра голддун чагымы

«Центерра голд» чамасы өзүнүн оюндарын баштады окшойт. Анткени А. Акаев менен А. Жапаровду жок жерден эле билдирүү жасады деп элди удугутуп калп маалымат тарата баштады.
Кийинки убактарда Кумтөр тууралу сандаган ой пикир маалымат айдыңында жайнай түштү. Акаев азыркы экономика жана каржы министри А. Жапаровду айыптаган билдирүү жасады деген маалыматты желдей таратты. Ал билдирүүдө 2003-жылдардын негизги күнөөкөрү деген имиш. Анткени менен азыркы мамлекеттик комиссиянын жетекчиси тууралуу эчтеке дебептир.
Анан ага жооп кылып А. Жапаров да билдирүү кылган имиш.
Муну баягы эле Центерранын каржылоосу менен иштеп жаткан бейөкмөт уюмдардын чаргыткан чагымы десек болот. Анткени ал экөөнүн ортосуна жик салып өз максаттарына жетүүнү көздөшкөндүктөрү жинди кишиге да белгилүү болуп турбайбы. Ортого элди салып, алардын талкуусуна өздөрү чыгарган ушакты коюп жатышат.
Бул темадагы посттор көбүнчө Канададан каржыланган фейк аккаунттар аркылуу жайылтылып жатат. Эл аралык арбитраждагы өз позициясын бекемдөө үчүн Центерра бетпакчылыкка барып жатат ишенбегиле!

Сайракан Салиева

Add your comment

Your email address will not be published.