Ушул күндөрү Аскар Акаев мекенинде жүрөт. Ага карата карама-каршылыктуу ар кандай ойлор айтылганы менен колдогон катмар да бар. Ар адамдын өз чындыгы болот. Биз ыңгайдан пайдаланып, маектешип, айрым суроолорго жооп алууга жетиштик.

— Аскар Акаевич, мекениңизге кайтып келгениңиз күтүүсүз маанай жаратты. Кандай сүйлөшүүлөрдүн негизинде кадам таштадыңыз?..

— Эң оболу, президент Садыр Нургожоевич менен байланыштык. “Аскар Акаевич, Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгы келатат. Сизди чакырууну туура көрдүк. Элиңизге келсеңиз, Кумтөрдүн маселеси боюнча сизге кинелер бар. Ошолор боюнча баяндама берип, ишти жаап, өзүңүзгө жол ачып албайсызбы?” деген сөз болду. Президент кайрылып, сунуш кылып аткандан кийин баш тартпаш керек. Мына, келдим. Кумтөр боюнча мага карата айтылып аткан маселелер боюнча түзмө-түз жооп берип, кызматташууга ниет кылдым. Азыр бийлик Кумтөрдү колго алып, Кыргызстандын экономикасын өстүрүүгө пайдаланып, чоң аракеттер жасалууда. Мен бул демилгени туура көрдүм. Себеби, илгери эле биз пландаштырганбыз. “Кумтөр он жыл иштегенден кийин толук кандуу мамлекетке өткөрүп алып, элдин кызыкчылыгына өзүбүз бурабыз” деп. 1990-жылдардын башында кен ишке киргенде, биз талап коюп, бул жердеги адистердин, кызматкерлердин 90 пайызы кыргыздар болушун негиздегенбиз. Мына, бүгүнкү күндө өзүбүздүн жумушчулар, инженерлер, жетекчилер иштеп атышканы колдоого аларлык. Бул багыттан алганда, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн кызматташам. Жаңы жетекчиликтин экономиканы көтөрүү демилгелерине жардам берүүгө ниетим бар.

— Кумтөр ишинде сизге карата айыптар коюлуп, суроолор жаралганына эмне дейсиз?

— Ал боюнча мен таанышып чыктым, адистер менен дагы карайбыз. Муну азырынча коё турсак. Иш качан бүтүп, чекит коюлганда айтып берем. Мен азырынча кызматташуунун аракетиндемин, баарына ачык-айкын жооп берип атам…

— Кумтөрдү элге иштетүү үчүн кандай сунуштарыңыз, ойлоруңуз бар?

— Жаңы жетекчилик чечим кабыл алып, иштете баштады. Эми баарыбыз жардам беришибиз керек. Элдин кызыкчылыгына, экономиканы көтөрүүгө пайдаланганыбыз туура болот.

— Кичине артка чегинсек… Сиз 2005-жылы бийликтен кеткенден кийин кылмыш иштери козголду эле. Бул жагынан кандай жооп бересиз?

— Өзүңүз деле ойлоп көрүңүз, мага көптөгөн кылмыш иштери ачылып, Бакиев биринчи указы менен “Акаевдин мүлкүн таап, элдин пайдасына жумшаш керек” деген. Кырк-элүү адамдан турган чоң комиссия түзгөн. Алардын башына менин негизги саясый оппоненттеримди койгон эле. Биринчиси вице-премьер-министр Данияр Үсөнов, экинчиси башкы прокурор Азимбек Бекназаров. Булар бир жылга чейин иликтешип, “Акаевдин Кыргызстанда дүнүйө-мүлктөрү табылган жок, ал баарын миллиард долларга айлантып, чет өлкөлүк банктарда сактайт экен” деп чыгышкан. Жыйынтыгында, Либерман аттуу белгилүү дүйнөлүк сыщикти Үсөнов 500 миң долларга жалдап, өз каражатынан төлөп, ага ФБР да жардам берген… Ошентип, Бекназаровдон кийинки башкы прокурор Конгантиев официалдуу түрдө: “Акаевдин бир дагы центин дүйнө жүзүнөн тапкан жокпуз” деп айткан. Американын, Канаданын, Швейцариянын жана башка банктарды текшеришип, эч нерсе табалбай коюшкан. Өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, бул жерде саясый куугунтук, курулай каралоо орун алган. Муну менен Акаевди моралдык, саясый жактан дискредитация жасашып, Кыргызстандын тарыхынан таптакыр чийип таштоону максат кылышкан. Бирок, өздөрү эмне болушту?..

— Мамлекетибиз каржалып турганда, сиз кандай жардам бере аласыз?

— Мен президенттик кызматты өткөрүп бергенден кийин саясаттан кеткем. 16 жылдан бери илимий ишмермин. Механика-математикалык факультетте иштейм. Бул Ломоносов атындагы Россиянын биринчи университети. Анан академиянын институтунда башкы илимий кызматкер катары эмгектенем. “Институт математических исследований сложных систем” деген. Ошондуктан, мен мекениме илим, билим жагынан жардам бере алам. Мына, мисалы айтсак, Москва мамлекеттик университетинин ректору Садовничий Кыргызстанга эки-үч жыл мурун келип, “Москва университетинин филиалын ачып берели” деп сунуш кылган. Цифровая эпоха келатат. Бул багыттын экономика, технология жагын алалы. Искусственный интеллект пайда болууда. Айталы, адам журналисттердин ордуна робот журналисттер иштеп калса… Садовничий филиал ачып, аталган тармактар боюнча адистерди даярдап берүүнү айткан. Мен ушул адамдын командасындамын. Адистерди даярдасак эмнеге болбосун? Дүйнө жүзү санариптешүүгө баратат, биз артта калбашыбыз керек да.

— Сиз бир жумага Кыргызстанга келгениңизди айттыңыз. Кайра дагы байма-бай каттап турууга, бул жакта эмгектенип, ишмердигиңизди улантууга ниетиңиз барбы?

— Азырынча мени Кумтөр маселеси боюнча көрсөтмөлөрдү берип, ишимди чечип алууга чакырды. Андыктан, президент Садыр Нургожоевичке терең ыраазымын. Кудай буюрса, жол ачып берсе келип-кетип турабыз. Мен Москва университетинде бессрочный контракт менен иштейм. Дагы күчүм бар. “Сиз Кыргызстанга керексиз, кадр даярдап бериңиз” десе, илим, билим тармагын көтөрсөк болот.

— Сиздин өлкөгө келишиңизди колдогондор арбын, ошондой эле каршы чыккандар да жетиштүү. Карама-каршы эки жээкти көрүп атабыз…

— Биз демократиялык мамлекетпиз да. Жактагандар менен каршы чыккандардын болгону мыйзам ченемдүү эле көрүнүш…

— Саясый кырдаалга таасир этпейби? Жөнөкөй фигура эмессиз…

— Ишенимдүү айтайын, саясый кырдаалга кесепетимди тийгизүү оюм жок. Азыр Кыргызстанга биримдик, элдин ынтымагы, саясый стабилдүүлүк керек. Себеби, акыркы жылдары ушул жагынан аксап, экономикалык өнүгүүдөн артта калып атабыз. Биз баарыбыз өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо үчүн жардам беришибиз зарыл. Кыргызстанга Кудай төртүнчү революцияны бербесин… Абдан жакшы суроо бердиңиз. Эң негизгиси, саясый стабилдүүлүк камсыздалсын. Республикабыздын тынчтыгына доо кетпеси үчүн мен баардык күчүмдү жумшайм. Бул жолу бийлик менен макулдашып, демилгесин колдогонго кириштим. Мен жардам гана бергени келдим. Андан башка эч кандай тескери ой жок.

— Сизге карата Атамбаев баштаган президенттер убагында сын-пикирлерин айтып келишкен. Алардын баарын кайталап отурбайын, билесиз да? Өз учурунда карама-каршы ой-пикирлерди козгоп келгенсиз. Натыйжада, чындык кай тарапта?

— Эми иним, мындай да. Менде өч алуу деген жок. Тескери сөз айткандар көп болду. Кийинки президенттер Бакиев, Отунбаева, Атамбаев – баары сындап чыгышты. Биринен сала бири текшерүүгө алышып, сот иштерине аракет кылышты. Бирок, алар канчалык карасанатайлык кылышпасын, мен жаман ойдо эмесмин. Орустар айткандай, “бог им судья” дейт.

— Айтмакчы, Кумтөр боюнча эл аралык соттошууда сиздин пикириңиз маанилүү болсо керек? 

— Кандай гана болбосун, менин пикирим Кыргызстан тарапта, элибиздин кызыкчылыгына жараша айтылат. Өзгөчө акыркы он жылдагы экологиялык зыян абдан зор болгон, жырткычтык мүнөздө пайдаланышкан. Мисалы, илгери биз мөңгүлөрдү иштетүүгө таптакыр берген эмеспиз. Экологиялык жактан талапты катуу койгонбуз да. Ал эми анча-мынча кичинекей муздарды кубик кылып кесип, коопсуз жерге пирамидадай тизишкен. Анын сүрөттөрү да бар. Мен өзүм эки жолу барып, көзөмөлдөп, көрүп келгем. Биз аяр мамиле жасаганбыз. Соңку жылдарда болсо, калдыктардын баарын мөңгүгө ташташыптыр. Ушунчалык да жапайы мамиле жасашабы? Мөңгү деген бул – эртең баасы алтындан да кымбат болот. Таза суу эмеспи. Борбор Азияда таза суунун башаты бизде, анан Тажикстанда. Менимче, азыр бийлик Кумтөрдүн экологиялык, экономикалык зыянын эске алып, өз колго алганы абдан туура. Ошондуктан, мен өз ыктыярым менен келип, тергөө менен кызматташып атам.

Асланбек Сартбев 

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статьяЦентерра голддун чагымы
Следующая статьяПрезиденттин сунушу… Өмүрбек Текебаев чоң кызматка камданууда

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here