Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токио шаарындагы Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынды. Финалдык беттеште спортчу кыз япониялык Юкако Каваиден 3:4 эсеби менен утулуп калды.
Ал Кыргызстандын тарыхында күмүш алган экинчи спортчу катары калды.
Айсулуу Тыныбекова 2016-жылы өткөн Олимпиада оюндарынан кийин турмушка чыгууну пландаган. Бирок, күрөш федерациясы менен анын машыктыруучулары турмуш курбай турууга көндүрүшкөн.