Айсулуу Тыныбекова кийинки Олимпиадага катышабы? Машыктыруучусунун жообу

Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы болгону 22 жашта, алар кийинки Олимпиада оюндарында өзүн көрсөтө алышат. Бул тууралуу журналисттерге күрөш боюнча Кыргызстандын кыз -келиндер командасынын башкы машыктыруучусу жана Айсулуу Тыныбекованын жеке машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

Анын айтымында, Айпери Медет кызына психологиялык даярдык, тактап айтканда, өзүнө ишеним аз болгон.

«Ал медалга татыктуу болчу, келечекте, кийинки Олимпиадада Айпери менен Мээримге чоң үмүт бар», — деди Изабеков.

Ал ошондой эле Париждеги (Франция) кийинки Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекованын катышуусу пландалып жатканын кошумчалады.

«Биз Айсулуу менен Парижге кылдат даярдык көрө баштайбыз деп ниеттенип жатабыз», — деп жыйынтыктады ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Тыныбекова интервьюсунда мындан аркы пландар тууралуу азырынча ойлонгусу келбегенин айткан.

Эске сала кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндарында күрөш боюнча кыз -келиндер курама командасы эки медаль тагынган, тактап айтканда, Тыныбекова күмүш, Жуманазарова коло медалга ээ болгон.

Add your comment

Your email address will not be published.