Адам барган сайын ач көз болуп калат окшойт. Турмушка чыкканыма сегиз жылдын жүзү болду. Жакшы жерге турмушка чыккам. Жолдошум табышкер. Кайненем үйдө модасы менен оокат колдонгонду жакшы көрөт. Ал экөөбүз идиш аякты тез-тез алмаштырып турабыз. Менден улуу абысыным үйгө келген сайын ар кайсы оокатымды кармалап көрүп кетет. Бир айдан кийин сөзсүз ошол оокатты карыздап алган болот. Кайнагам бир аз жалкоорок, алардын карызын күйөөм төлөйт. Абысыным мага ачык эле башкадан менде жок оокат көрсөм ичим ачышып, жаман боло берем дейт. Кээде колум калтырап кетет дейт. Жакында эле невропотолого көрүнүп дарыланып чыкты. Элдин оокатына көз артып алардын ийгилигине ичи тардык кылам деп ушинтип тез-тез ооруп да калды. Албетте аны аябай аяйм. Канткенде мүлккө болгон кызганычты калтырса болот?

Предыдущая статьяАйсулуу Тыныбекова кийинки Олимпиадага катышабы? Машыктыруучусунун жообу
Следующая статьяАйсулуу Тыныбекова: Турмушка чыгайын дегем, бирок машыктыруучуларым турмуш курбай турууга көндүрүшкөн

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here