Тойго кеткен чыгымдын карызын төлөйм деп ажырашканы турабыз

Төрт жылдан бери тойдун карызын төлөп келебиз. Карыз төлөөдөн чарчап акыры жолдошум экөөбүз уруша баштадык. Биз үйлөнгөндө кайын журтум эл эмне дейт деп чон той бергенбиз. Ага кеткен чыгымдын баарын карызга алышыптыр. Эки айдан кийин кайын журтум бизди батирге бөлуп эми карызыңарды төлөп алгыла деп койду. Ошону менен ар бир айдын аягында же башында карыз акчаны төлөп келебиз. Проценти менен болгонго биздин тапканыбыз батир менен карыздан чыкпай калды. Дагы 300 миң сомубуз калды. Эми аны качан төлөп бутөбүз билбейм. Бизге окшоп карызга той берип карыз төлөп жашагандар кантип үй-бүлөлүк бакытты кармап келесиңер? Карыздын айынан ажырашып кетебизби деп да ойлоп кетем.

Add your comment

Your email address will not be published.