Саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүн, 5-октябрга караган түнү «Фейсбуктагы» баракчасына кайрылуу калтырып, аны камакка алуу аракеттери жүрүп жатканын жазган.
Анын айтуусуна караганда бул нерсе кой-Таш окуясына байланыштуу.
«Соке дайыма түнкү саат 1де сотко алып барып, дежур соттору менен камачу. Кой — Таш окуясы менен камалгандардын баарын түндө камаган.
Т. Сариевти дагы азыр гана, түнкү 12 де, камашты. Сокенин соттору, тажрыйбасы.
Эртең мени камашат. Көнгөн СИЗО 1 ге кайра барам», — деп кыскача билдирүү калтырган саясатчы.