Москвада мени төрт бала зордуктап койгон кантип айтам?

Саламатсыздарбы менин атымды жарыялабай чыгарып бересиздерби. Турмуштун кыйынчылыктарын басып, тажрыйбалуу болуп калган эжелерден кеңеш сурайт элем. Мен окууну аяктар менен ата-энемдин каржылык муктаждыгын чечүү үчүн Москвага чала тааныш эже менен кетип калгам. Ал жактын эже бир топко жардам берип жумушка орноштуруп койгон. Кыргыздар ачкан ресторандардын биринде идиш-аяк жууйм. Айлыгым жакшы аны ата-энеме салып турам. Бирок жүрөгүмдү өйүгөн бир нерсе бар ошол мага тынчтык бербей келет.  Бир күну той болуп жумуштан түнкү саат бирлерде чыгып калдым. Ресторандын алдынан эле төрт кыргыз балдар мени күчкө салып унаага салып кетишти. Бирөөсү мени кулак түпкө катуу урган. Андан кийин эч нерсе билбейм. Көзүмдү ачсам тааныбаган үйдө жатам. Бейтааныш орус кыз жылмайып менин атымды сурады. Көрсө ал балдар мени ур токмокко алып зордуктан кийимдеримен бери чечип тоноп таштанды челектин түбүнө таштап кетишиптир. Ал кыз бир ооруканада дарыгер болуп иштейт экен мени көруп калып үйүнө алып барып эсиме келгиче багыптыр. Андан бери сегиз жыл өттү. Азыр ал кыз менен жакын курбумун. Айлыгы жакшы жумушта иштейм. Ата-энем каржылык жагын оңдөп үй жайды жаңылап алышты. Эми мени кел да турмушка чык деп жатат. Бирок мен эркек аттууну көргүм келбей калды. Кийин турмушка чыксам кантип башыман өткөндү айтам.

Add your comment

Your email address will not be published.