Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн уруктугу 00, 1 пайыз экен. МСындай көрсөткүч менен балалуу боло албасыбызды дарыгер ачык айтып бизге ЭКО сунуштаган. Күйөөм баш тартып койду. Мындан эки ай мурун төрөбөгөн аялдарды жумалап деп салып төрөтөт деген молдону угуп калдык. Күйөөм ага ишенип алып мени алып барды. Молдонун көз карашы жакпай кетели десем күйөөм болбой койгон. Дем салам андан кийин түнү менен дуба окуйм деди. Күйөөм экөөбүзгө суу берди ичкиле деп күйөөм ичип мен жарымын эле ичтим. Суунун даамы башкача экен. Бир кезде уйку соонун ортосунгда жатсам бирөө эле мени чечинтип жатат. Чочуп кетип ойгонсом баягы молдо мени зордуктаганы жатыптыр. Күйөөм болсо эч нерсе сезбей уктап жатат. Ошентип мени зордуктап койду. Эртеси күйөөмө айта алган жокмун. Ошентип кийинки күну дагы  күйөөмдү уктатып коюп мени зордуктап койду. Үчүнчү күн дегенде болбой кетип калдым. Арадан эки жума өткөндөн кийин кош бойлуу экеним ди билдим. Баланын да кимден экенин билем бирок күйөөмө кантип айтам билбейм. Ал болсо сен барбайбыз дейсиң мына балалуу болгону жатабыз деми түшту деп кубанып алыптыр. Эми бала төрөлгөнчө чийки май жегендей болуп кантип жашайм.

Предыдущая статьяЖеңиш Молдокматов жүрөк оорусунан улам ачкачылыкты токтотту
Следующая статьяКүйөөмдү 17 жаштагы шуркуяга тарттырып ийдим

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here