Мээрбек Мискенбаев: «Жеңиш, ден-соолугуңду ая, элиңди ойло, ачкачылыкты токтот»

Мындай пикирди экс-депутат Мээрбек Мискенбаев жазып чыкты.

«Жеңиш, досум, адилеттүүлүктү талап кылып, абактан ачкачылык кармап жатканың бир жумадан ашыптыр. Түрмө үй-бүлө, жакындарыңдан гана алыстатпастан, ден-соолугуңду да алат, алсыратат. Бирок сен эрктүү, күчтүүлүгүңдү далилдей алдың. Темир тордун шартында ачкачылык кармоо өтө оор болуп саналат. Мен муну акыйкатсыздыктын айынан абакта отуруп чыккан адам катары билемин.

Сен али жашсың, келечегиң кең, сендей билимдүү жаштардан кыргыз эли көптү үмтөтөт. Андыктан, ден-соолугуңду ая, элиңди ойло, ачкачылыкты токтот», — деп белгилеген ал.

Add your comment

Your email address will not be published.