Жолдошум менен 15 жыл бирге өмүр сүрүп үч уул бир кыздуу болдук. Жашоодо турмуштун ысык-суугун чогуу тарттык. Кызым 14 толуп, уулдарым ага жардамчы болуп эми бактылуу өмур сурөм дегенде бизди кара туман каптады. Бир шуркуянын айынан жылуу очогум бузулду. Башында эми калар деп чыдап келдим. Акыры балдарыма чейин жетелешип баштагандарынан ал кызды “кой” десем “колундан келсе эриңди аркандап ал”- деп айтты. Ал кыз кызымдан беш жаш улуу ага кол көтөруп ура алган жокмун. Ызамды ичиме катып чыгып кеттим. Көп өтпөй күйөөм “мен ал кызсыз жашай албайм, кечирип кой” деп чыгып кетти. Кыз 18 жашка толо элек ата-энесине айтып чыр салып кызын тыйдырсамбы? Же жашы жете элек кыз менен жашады деп күйөөмө кылмыш иши ачылып балдарым жер карап калбайбы?

Предыдущая статьяМолдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?
Следующая статьяКанга колу чыланган Бакиевдин кайтып келишин каалайсызбы?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here