Пт. Янв 21st, 2022

Окууну аяктап шаарга келгенден көп өтпөй жаңы досторду тапкам. Ал кыздар шаардык болгонго тамеки чегишчү. Аларга кошулганы мен деле жарым жылдан көп өтпөй тамеки чегип калгам. Арадан беш жыл өткөндөн кийин турмушка чыктым, бирок тамеки чеккеним калбай койду. Күйөөмө көргөзбөй чегип жүргөм. Өткөндө үйдүн артында тамеки чегип турсам көруп калды. Эми сенден төрөлгөн балдар майып болот экен да мага майып баланын кереги жок тамекини таштайсын болбосо кийимиңди жыйна да чыгыт кет деди. Аракет кылдым бирок таштай албай жатам.  Кече дагы кармалы калдым. Эми мени кет деп кубалап жатат. Эмне кылсам тамекини таштайм? Мага окшоп тамекиге көз каранды болуп калганбар барбы?

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *