«Көңүлдү чөгөрбө, айланып кетейин!». Айсулуу Тыныбекованын атасынын кызына кайрылуусу

SUPER.KG порталы Дүйнөлүк Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекованын төрөлүп-өскөн үйүнө — Кочкор районунун Теңдик айылына барды. Балбан кыздын атасы Болот Тыныбеков кызына кайрылып, башты бийик көтөрүп келишин айтты.

«Көңүлдү чөгөрбө, башты өйдө, бийик көтөр, айланып кетейин! Бардык кыргыз элине салам айтып, жалпы журтту куттуктайм», — деди ал.

— Кечээ кызыңыз финалга чыкты, бүгүн килемге чыкмак, түн кандай өттү?

— Түндө укташ кыйын болду, Олимпиадада финалга чыгуу оңой эмес. Бул эми Олимпиада спорттун эң бийик чеги деп ойлойм. Кызым аман-эсен алтын медалга жетсе экен деп тилеп жаттым. Балдарымдын баарында тырышчаактык мүнөз бар. Анын арасында Айсулуу кичинекей чагынан эле абдан тың болчу.

Add your comment

Your email address will not be published.