Кечээ кечинде эки жаштагы уулун бешинчи кабаттан ыргытып жиберген кылмышкер-ата Леонид Кудрявцев кармалды. Бул тууралуу 24.ру басылмасы жазып чыкты.
Маалыматта, ал кылмыш жасалган көп кабаттуу үйдүн кире беришине жакын жерден кармалган. Кармоо учурунда милицияга эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Ал эми ага чейин ал милициядан футболка турсийчен качууга аракетттенген. Баласын ыргытып ийгенинин себебин ал уулу ооруп кыйналып жүргөнүнөн ага жардам берүүгө аракет кылганын айтууда. Баласынын кыйналуусуна чыдай албай аны бейишке жөнөткөнун билдирген. Азыр ал суракка алынып жатат.