Социалдык тармактарда президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтеректин Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында делегациянын курамында барганын көпчүлүк сынга алып жаткан учуру. Бул боюнча SUPER.KG порталы Токиодо жүргөн Галина Байтерекке байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.

«Япония тарабынан президентке, премьер-министрге, президенттин аппаратынын башкармалыгына расмий квота берилген. Бирок алардын иштери көп болгондуктан барбайбыз деп баш тартышкан. Ошондуктан бизге тапшырма берилген.

Мен президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы болгондуктан өзүбүздүн квотабыз менен эки ай мурун план боюнча эмдөөдөн өтүп, даярданганбыз. Квота экиге бөлүнөт: администрацияныкы жана спортчулардыкы өзүнчө. Эч качан бири-бирин алмаштыра албайт. Мээрим Жуманазарованын тренери боюнча Улуттук олимпиада комитети биз ага сөз берген эмеспиз деп айтты.

Мени башка бир адамдын ордуна барды деген сөздөр болушу мүмкүн эмес. Биздики административдик квота. Кыргыз өлкөсүнө барганда чакыруу кагаздарын көрсөтүп бере алам. Андан сырткары жөн эле угуп алып, бир нерселерди айткан туура эмес. Кыргыздар качан сыйлоону, бир нерсенин чын-төгүнүн билип анан берүүнү үйрөнүшөт? Ушул нерсе мени капа кылат», — деди Байтерек.

Ал эми Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медаль тагынган Мээрим Жуманазарованын жана Айпери Медет кызынын биринчи машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаровмашыктыруучу катары спортчуларды коштоп Токиого барбай калганына капа болгонун билдирген. Бул боюнча учурда Токиодо жүргөн мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитетинин спорт бөлүм башчысы Марат Аскарбеков төмөнкүлөрдү билдирди.

«Дүйшөн агай интервью бериптир «барасың деп айтышкан» деп. Мамлекеттин атынан эч ким андай нерсени айткан эмес. Буга чейин Олимпиадага канча киши барарын билген эмеспиз. Улуттук Олимпиада комитети тарабынан ар бир спорттун түрүнө бизге квота берилген. Аялдар күрөшүнө токтоло кетсем, бул жакка эки тренерге эки квота берилген.

Башкы машыктыруучу жана улук машыктыруучу экөө бар. Алар бизден айлык алып иштешет. Акыркы он жылдан бери алар кыздарды чемпиондуктарга алып барып келе жатышат. Ошол эки агай бул жакка келди. Башка спорттун түрүнөн деле жеке машыктыруучулар келген жок. Мүмкүнчүлүк болсо биз алып келмекпиз», — деди Аскарбеков.

Предыдущая статьяТыныбекованын атаандашы Юкако Кавайдан допинг табылдыбы?
Следующая статьяИлим Карыпбеков: «Бул ый мамлекеттин спорт системасынын кыйрагандыгы боюнча билдирүү»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here