Айсулуу Тыныбекова: Мен өзүмө нааразымын, баары менден алтын күтүшкөн

“Токио-2020” Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова кыргыз элине билдирүу жасады:

“Биз машыктыруучу жана команда менен бардык жагынан абдан жакшы даярдандык, мен Токиодо абдан жакшы сезип жүргөм. Бирок мен бүгүн машыктыруучу сураган нерсени аткара алган жокмун. Мен өзүмө жана жыйынтыкка нааразымын. Баары менден алтын медаль күтүштү. Бирок Кудуреттүү Кудайдын каалоосу менен күмүш медалга ээ болдум. Ал эми бүгүнкү күндө мен буга баш ийишим керек. Дайыма Олимпиада оюндарынан кийин өзүмө амбициялуу пландарды койчумун, бирок кандай болот, билбейм.

Рио оюндарында мен кандайдыр бир медаль алсам, жеке жашоомду жөнгө салам деп айткам. Бирок ал жерде мен аны алган жокмун. Анан мен бардык кыргызстандыктарга медаль алып келем, анан өзүмдүн жашоом жөнүндө ойлоном деп сөз бердим. Бирок азыр эч нерсе жөнүндө ойлонгум келбейт.

Ооба, бул Кыргызстандын тарыхында аялдар күрөшү боюнча биринчи күмүш, бирок 5 жыл бою мен ар бир күнүмдү машыгууга арнадым, өзүмдү аяган жокмун. Мен алтын алып келгим келди.

Мага ишенген адамдардын баарына ыраазычылык билдиргим келет. Колумдан келгендин баарын кылдым, бирок тарыхты жаза алган жокмун. Биздин жашоо — бул күрөш, жана талаага киргендердин баары жеңүүнү каалашат. Бул бүгүнкү күндө Япониядан келген спортчу алтын медалга татыктуу дегенди билдирет”, — деди Тыныбекова.

Add your comment

Your email address will not be published.