Вт. Янв 25th, 2022
Үйгө келсем, шашып чыгып кетип жатыптыр. Колунда чоң баштыгы. Ичинде эмне бар экенин
деле көргөн жокмун. Кайда экенин сурасам, жумушуна баратканын айтты. Ишенгим келдим.
Бирок, кичине кызгандым.
Артып калган тамак-аштарды же улуу жеңемдин балдарынын кийимдерин чогулта берет. Ыргытып эле салчы десем, күлүп коет. Бир топ убакыт өтөөндөн кийин ал нерселерди таппай
калдым. Атайын деле издебейм, байкап калам.
Бир жолу үйгө эрте келсем телефонунун үнүн чыгарып коюп бир кичинекей бала менен
сүйлөшүп жатыптыр. Өзү манты жасап отурат, тиги жакта кичинекей бала. Эмне кыларымды
билбей турдум. Оюма эмнелер гана келген жок.
Өзүбүз балалуу боло элекпиз. Менден балдарын жашырып жатабы дедим. Буулугуп чыктым.
Анан кирип барсам телефонун кое калды.
Ал ким экенин сурадым. Унчукпай турду.
— Балдарың бар беле. Айта бер, туура түшүнөм. Каалайсыңбы, багып алабыз. Биз менен чогуу
жашасын. Болгону чындыкты айтып койчу.
— Багып аласыңбы?
— Ооба, апасын сүйгөн жаным, балдарын сүйбөй коймок белем. Албетте, таарынам,
жашырганыңа ызаланам, бирок кабыл алам.
Күлүп жиберди. Ун колдору менен бетимден сылап дагы күлдү.
— Мен сенден жашыра турган эч нерсем жок. Болсо дароо айтмакмын. Бул бир коллега эжемдин
баласы. Эже катуу ооруйт, мага дайындап кеткен. Чалып сүйлөшүп, тамак жеткирип берип
турам. Сен чындап эле балам болсо багып алмак белең. Жаным, десе… Мынча сонун күйөөсүң.
Аялымын жакшылыгы менен сыймыктандым. Тиги баланы апасы бейтапканадан чыкканча үйгө алып келип алдык. Тогуздагы бала экен. Акылдуу жигит тура. Аны менен божурашып чай
ичебиз. Өзүмдү атадай сезип башкача болдум.
Апасы алып кеткнде үйүбүз бош калды. Балага бат көнүп алыпмын. Бирок, келинчегим жакшы
кабары менен көңүлүмдү жазып кетти. Эми калп эмес чындап ата болом. Мен ата болом!

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *