Жети жыл мурун күйөөм менен үч ай сүйлөшуп турмушка чыгып кеткем. Эки жыл чогуу жашадык. Жокту барды чогуу тарттык. Кайра кайра полип чыгып төрөй албай койдум. Күйөөм да балалуу бололу деп аракет кылган жок. Акыры мени менен ажырашпай туруп башка бирөөгө үйлөнуп алды. Алганы үч баласы бар ажырашкан келин экен. Ызаландым, туталандым. Акыры тынчып калдым. Чын эле ортобузда бала болбосо мага кармалмак беле деп койдум. Андан бери төрт жыл өттү. Эч ким менен сүйлөшкөн жокмун, экинчи жолу турмушка чыгуудан коркум келем. Балким бул жолу да төрөй албай калып ажырашсам жакындарымдын алдында сынып каламбы дедим. Акыркы кезде күйөөм түшүмө көп кирип аны менен кучакташып мурдагыдай уктагым келет. Бирибиздин деимбизди бирибиз тыншап жатканды каалайм.

Предыдущая статьяКудалар келише албай жолдошум менен ажырашуу чегинде жашайм
Следующая статьяНури: Жигитим аборт кылдырып салды, эми төрөбөй каламбы?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here