Жолдошум экөөбүз жети жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Жаман жери мен баргандан тартып биздин ата-энелерибиз келише албай калышты. Андан бери он жыл өттү. Эки уул бир кыздуу болдук. Төркүнүмө барып келгенде сөзсүз  уруш талаш чыгат. Кайненем: «Апаң менен бизди болушунча ушакташып келдиңби? Баламды апаң экөөң куураттың»-деп баштайт. Төркүнүмө барсам апам: «Мен сени шүмшүйгөн кайненеңдин тилине кирсин деп төрөгөн эмесмин»-дейт. Ошентип эки тараптын келише албаганынан улам биздин  үй-бүлө ураганы турат. Кандай кылсам үй-бүлөмду сактап кала алам?

Предыдущая статьяМенде байлык, акча, жакшынакай жолдошум бар туруп эмнеге бакыттын даамын сезбейм?
Следующая статьяКүйөөмдүн кучагын сагындым, аны менен эркелешким келет

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here