Саясат таануучу жана Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов The Insiderге берген комментарийинде Аскар Акаев мекенинде соттолбой турганын айтты.
Эске салсак, 2 -августта Кыргызстандын Тунгуч Президенти Аскар Акаев Бишкекке кайтып келди.
Дубновдун айтымында, УКМКнын «жеткирилди» деген сөзү чындыкка дал келбейт жана «жийиркеничтүү ыплас» көрүнөт.
«УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Акаев жеткирилбегенин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чакыруусуна жооп берүү менен өлкөгө өз ыктыяры менен кайтып келгенин жакшы билет. Аскар Акаевди з мамлекетинде соттошпойт. Июлда Кыргызстандын президентинин өкүлдөрүнүн катышуусунда болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Акаевге куугунтукталбоого жана корголууга тийиштүү кепилдиктер берилген. Бир гана нерсе, андан Кумтөр боюнча көрсөтмө берүүнү сурашат », — деди ал.
Дубнов белгилегендей, Кумтөр маселеси Жапаров үчүн өзгөчө маанилүү, анын демилгеси менен Акаев кайтып келди.
Кыргызстанда жайдын аягында — күздүн башында Кыргызстанда дайыма болуп тургандай, нааразылык акциялары кайрадан башталышы мүмкүн деген кооптонуулар бар. Мындай шартта Жапаров азыр түндүк кландардын беделдүү өкүлдөрүн өз тарабына тартуучу жаңсоолорду жасоо зарыл деп эсептейт- деп кошумчалады ал
Дубнов ошондой эле, жалпысынан алганда, биринчи президентти өлкөгө кайтаруу мезгили келгенин, анын аркасы менен Кыргызстан мамлекеттик башкарууну гумандаштыруу жана демократиялаштырууда ийгиликтерге жетишкенин айтты.
«Акаев улгайган адам, ал 76 жашта. Ушул убакка чейин ага кайтып келүүгө, атүгүл каза болгон бир тууганы менен коштошууга да уруксат берилчү эмес жана бул абдан өкүнүчтүү эле.
Акаев үчүн баары өзгөрүшү мүмкүн. Кыргызстанда администрация менен болгон кырдаал Жапаров же башка бирөө экс-президенттин коопсуздугуна толук кепилдик бере алат деп айткандай ачык эмес »,-деп оюн жыйынтыктаган Аркадий Дубнов.

Предыдущая статьяКүйөөм эмнеге машинасынын алдына отургузбай койгонун кийин билдим
Следующая статья«Абалы канааттандырарлык». Ырчы Айдана Деканын апасы ооруканада

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here