«Абалы канааттандырарлык». Ырчы Айдана Деканын апасы ооруканада

Ырчы Айдана Деканын апасы Жылдыз Деркембаева ооруканага жатып калды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган. «Кечээ эртең менен команда менен тимбилдинг өткөрүүгө Семёновское капчыгайына жөнөгөнбүз. Кыязы, физикалык жана эмоционалдык жүк жана бийик тоолуу жерлер таасир этти. Жүрөгүм кармап, тахикардия болуп, кан басымым көтөрүлүп кетти. Оң көзүмдөгү капиллярлар жарылган, жүрөк катуу кысылган. Дем алуум кыйын болуп, көзүм караңгылап, башым айланып кетти. Жалпысынан алганда, абалым абдан оор болчу. Анан мага менин пульсум дээрлик 200гө жеткенин айтышты. Тоодо Орусиядан келген кесиби боюнча дарыгерлер Гүлмира менен Владислав жана менин кесиптештерим мага биринчи жардам көрсөтүштү. Мени Чолпон-Атадагы ооруканага алып келишип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Ал жактан тамчылатма дары, укол, кычкылтек алып, болжол менен 5-6 саат жаттым. Кан басымым 160тан 120/80 нормасына чейин, пульсум дээрлик 200дөн 80ге түштү. Биринчи жардам көрсөткөн бардыгына рахмат айткым келет. Азыр абалым канааттандырарлык», — деп жазган Деркембаева

Add your comment

Your email address will not be published.