Бүгүн, 3-августта Кыргызстанга келген “UFC” чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсү аны кантип тосуп алгандыгы туурадуу видеолорун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Белгилей кетсек, сурунку чемпион Хабиб Нурмагомедовго таандык “Eagie Fighting Championship” (EFC) боюнча аралаш мушташ мелдеши биринчи жолу Кыргызстанда өтөт. Негизги кармашта учурдагы лиганын чемпиону Руслан Яманбаев (Орусия) Бусурманкул Абдибаит уулуна (Кыргызстан) каршы титилун коргойт.

Беттеш 3-августта Чолпон-Атадагы ипподромдо өтөт. Ага атайын конок, уюмдун президенти, “UFC” чемпиону Хабиб Нурмагомедов катышат.

Эске сала кетсек, Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келип, Кыргызстанда атактуу экенине таң калган.

 

ВИДЕО — https://www.facebook.com/100063911334396/videos/811075579604432/

Предыдущая статьяКайрат Примбердиев: «Аскар Акаев эң жакшы потенциалы бар өлкөнү талкалады»
Следующая статьяИсхак Масалиев Аскар Акаевдин келиши тууралуу үн катты

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here