Мен жашоодо өтө жөнөкөй, ишенчээк кызмын. Достукка бекеммин. 5 жашымдан бери дос болуп келген курбу кызым бар болчу. Аны жакшы көрүп, кеңешин угуп келгем. Экөөбүз мектепти аяктап, шаарга келдик. Студент болдук. Мага сөз айткан жигиттер болсо эле “аны сага ыраа көрбөйм” дей берчү. Мени көп жылдан бери ээрчип, ата-энеси да “алып беребиз” деп жүргөн жигит бар эле. Мага да жакчу. Бирок, аны менен мамиле түзөйүн десем, курбу кызым анын жаман жактарын айтып, бузуп гана турчу. Ошентип ал жигит 4-5 жыл (окуучулук кезден бери) чуркаганына карабай, такыр макул болбой койгом. Ыйлаган күндөрү да болду, белектин түрүн берчү. Ата-энеси да үйгө куда түшүп келип жүрүшкөн. Эми ошол жигит менен курбум үйлөнгөнү жатышканын угуп, эсим ооп отурам. Ал мага чын эле курбу беле? Курбум болсо эмнеге бул ишке барды? “Мага качан айтат? Эмне деп айтат?” деп таңмын. Мындан мурда да шаардан бир жигит менен жүрсөм, бир күнү анын үйүнө барып түнөп келгенин угуп, таңкалгам. Эми чындап түңүлдүм. Курбуларга көп ишенбеш керек экен. Тобо кылдым.

Предыдущая статьяСиңдим абакта отуруп келген адамга турмушка чыгып, жапа чегүүдө. Эмне кылсак болот?
Следующая статьяСенин айыңдан боюмдан алдыртым тиги дүйнөдө жооп бересиң дейт

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here