Кайрат Примбердиев: «Аскар Акаев эң жакшы потенциалы бар өлкөнү талкалады»

Учурда мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө келиши тууралуу белгилүү адамдар пикирлерин жазып чыгышууда.

Ырчы Кайрат Примбердиев дагы элден артта калбай Инстаграм социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жеке пикирин билдирди.

Ал өлкөдө болуп жаткан окуялардын баарына тарыхый жоопкерчиликти Аскар Акаев тартат деп эсептейт.

«Бардык башталыштардын башталышы. Ал эң жакшы потенциалга ээ болгон өлкөнү таштап кетти. Ал өз элин тоноп, дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири болуп калды. Бирок эч нерсе бюолбогондой жылмаят жана эл аны жакшы көрөрүнө толук ишенет. Ээх кайран элим.Тартаарыбыз алдыда окшойт али …

Айланаңызды караңыз. Сиз кайсы өлкөдө жашайсыз? Өнүккөн? Гүлдөгөн? Же деградацияга учураган өлкөбү? Ал (Акаев) азыр бизде болгон бардык коррупциянын негиздөөчүсү. Ал кадрдык секириктин демилгечиси жана саясий куугунтуктардын биринчи автору ”, — деп жазган Примбердиев.

Эске сала кетсек, Аскар Акаев “Кумтөр” тууралуу кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын бири. Ал 2005 -жылы өлкөдөн чыгып кеткенден бери Кыргызстанга келе элек болчу. Бирок, кечээ, 2-августта УКМК мурдагы президент Кыргызстанга алып келингенин маалымдаган.

 

Add your comment

Your email address will not be published.