Мурдагы депутат Исхак Масалиев экс-президент Аскар Акаевдин өлкөгө келиши боюнча жеке пикирин билдирди.

“Өлкөгө мурунку президент Аскар Акаев келди. Ал тергөөчүгө кирип, Садыр Жапаров менен жолугуп, эл алдында ыраазычылык билдирди.

Президенттин Акаевди кабыл алуусу — урматтоонун ачык көрүнүшү. Баарынан кызыгы, 2005 -жылы мартта Аскар Акаевди Москвада кызматтан кетирүү арызын алып келгендердин арасында ошол учурдагы жаңы депутат Садыр Жапаров да болгон. Алар 16 жылдан кийин гана жолугушту.

Аскар Акаев “Кумтөр” боюнча жооп бербеши мүмкүн, анткени ал эч нерсеге кол койгон эмес. Бирок башкалар, анын ичинде азыр чоң кызматтарды ээлеп жаткандардын тиешеси бар болушу мүмкүн. Ал эми Акаевдин келиши тергөөгө жардам берет. Бирок менин айткым келгеним башка.

Республикабыз толук түрдө башка өлкөлөргө көз каранды. Миллионго жакын жарандарыбызга, 400 миң жумушсуздарга, анын менчиктештирүү программасы боюнча сатылган бир дагы заводунун иштебей тургандыгына жана башка көптөгөн нерселерге  Акаевдин 15 жыл башкаргандыгынын жыйынтыгы эмеспи? Кийинки президенттер аны катуу жамандап, өжөрлүк менен саясатын улантышты.

1995 -жылдагы президенттик шайлоо тууралуу элдин көбү Абсамат Масалиевге добуш берип, Акаев бул кызматты алганын көбү эстешпейт же билишпейт.

Социализмди кыйратып жаткан биздин бардык президенттерибиз анын ордуна жаңы нерсе кура алышкан жок …

Менин оюмча, Акаевди улгайган адам катары гана кароого болот…болду”,-деп билдирүу жазып чыкты мурдагы депутат.

Предыдущая статьяВИДЕО — Хабиб Нурмагомедов: Мени таңкы төрттө ушинтип тосуп алышты»
Следующая статьяБирөөнү ыйлатып эрин тартып алып, башка бирөөгө тартырып ийдим

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here