Биринчи аялынын баркын билбеген экинчисин да баалабайт экен. Бир аялдан кеткен эркек, экинчисинен деле көз ачып-жумгуча  кетип калат экен. Мындан эки  жыл мурун кафелердин биринен өзүмөн 15 жаш улуу адам менен таанышып калдым. Акчалуу бизнесмен эле. Биз кандай учурда жолугушпайлы жок дегенин уккан жокмун. Ар дайым акчасын мага чачып, каалаганымды алып берип жүрдү. Ошентип биз акыры ачыкка да чыкьтык аялы мага далай жолу чалып чиедей балдары бар экенин айтып мамилени токтотуумду суранды, коркутту. Бирок мени эч нерсе токтото алган жок. Аялынын мени менен салгылашканы жаккан жок. Акыры кош бойлуу болдум да ал аялдан таптакыр колун үздү. Жалда калса балдарына да кайрылган жок. Чогуу жашай баштагандан тартып биздин алоолонгон сүйүү өчүп калгандай болду.  Бир жылдын ичинде биздин ортобуз сууп наристебиз үчүн эле жашап калдык. Уулум бир жарымга чыкканда күйөөм үйгө келсе келип келбесе жок болуп жүрүп, акыры менден да жаш солкулдаган сулуу кызды таап аны ээрчип кетти. Кичинекей бала менен жашап жаткан батирдин акчасын төлөй албай акыры агамдын үйүнө бардым. Женем жактырбаганы менен кабыл алды. Кээде балама чупа чупс да алып бере албай калам. Түнү жок дегенде баласына кайрылышып койсо деп кудайга жалынам. Анын бир кезде аялынын балдарым бар деп мага чалып суранганын эми түшүндүм. Бирөөнүн көз жашына карабай балдарын жетим кылып, эми өзүмдүн балам жетим болуп отурат. Көрсө биринчи аялын таштап кеткен эркек экинчисин деле таштап кете берет экен. Сүйүү дегеп таптакыр жок экен.

Предыдущая статьяИсхак Масалиев Аскар Акаевдин келиши тууралуу үн катты
Следующая статьяБекбол Айдаров: «Султан сөөгүн кордобойт», Аскар Акаевди кечирели

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here