Өзбекстандын жарандары социалдык түйүндөрдө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдошту. Алар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы мыйзамсыз текшерүүлөрдү жана Кыргыз Республикасынын чек арачыларынан опузалоону көзөмөлдөөнү талап кылышууда.
Маалыматка караганда, Өзбекстандын жарандары Казакстанга баруу үчүн Достук постунан жана Ош аэропортунан өтүшөт.
Натыйжада алар чек арадан мыйзамсыз өтүү аракети менен кармалган. Эми Президен Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жасап төмөнкүлөрдү билдиришти
«Сиздин аскер кызматчылары адам башына 50 миң сум алып (болжол менен 300-350 сом), анан гана чек арадан өткөрүшөт. Эгер бул акчаны төлөбөсөң, алар сени өткөрбөйт. Алар бизде коронавирустун жоктугу жөнүндө жасалма күбөлүктөрдү беребиз же ар кандай шылтоолор менен бизди кайра кайтарып беребиз дешет. Эл акча берүүгө мажбур. Төлөөнү каалабагандар кармалат,”, — деди Израиль аттуу өзбек жараны видео кайрылуусунда. УКМКнын чек ара кызматы азырынча комментарий бере элек.

Предыдущая статьяТаалайбек Сарыбашев Бишкек шаарына мэр болуп келеби?
Следующая статьяТемир Сариев: Мен ыйлап жибердим. Айпери, сенин чоң жеңиштериң али алдыда…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here