Бишкек шаарынын мэрлик кызматына Ош шаарынын учурдагы мэри Таалайбек Сарыбашев келиши мүмкүн. Ал эми Ош шаарынын мэрлигине президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Мамбетов барат. Бул тууралуу социалдык тармактарга активисттер, журналисттер жазышууда.

Ал эми Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев азырынча Ош шаарында экенин, «айтылып жаткан сөздөр тууралуу эртең, дүйшөмбү күнү белгилүү боло турганын» билдирген.

Бишкек менен Ош шаарынын мэрлерин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт. Ош шаардык кеңеши биринчи сессиясына чогула элек. Бишкек шаардык кеңеши биринчи сессиясын өткөрүп, төрага кылып Куванычбек Конгантевди шайлады.

Предыдущая статьяАйбар Султангазиев: “Вакцина өлүмгө себепкер болсо, ага эч бир дарыгер же министрлик жоопкерчилик албайт”
Следующая статьяӨзбек жарандары Жапаровго: “ Чек арачыларыңыз Кыргызстандын намысына шек келтирүүдө”

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here