Пт. Янв 21st, 2022

Күйөөм экөөбүз бир аз эле сүйлөшүп баш кошконбуз. Мен аны абдан сүйчүмүн. Ал деле мени жакшы көрчү. Экөөбүз жыл айланбай бир кыздуу болдук. Абдан бактылуу элем. Кийинчерээк күйөөм үйгө түнөбөй калчу болду. Канчалаган күндөрүм ый менен өттү. Чалсам албайт, эртеси келип унчукпай кутулчу. Көрсө менден мурда бир кыз экөө катуу сүйүшүп жүрүшчү экен. Анан экөө таарыныша кетип, ага өчөшүп мени алып алыптыр. Бирок экөө бир жылдан кийин биз кыздуу болгондо табышып алышыптыр. Канча боздогонума, кызына карабай ал кызга кетти. Экөө үйлөнүп алышты. Мен 3 жашар кызым менен жалгыз калдым. Азыр күйөөмдүн кучагында жаткан күндөрдү абдан сагынам. Ажырашкандан кийин эркектин жытын сагынат экенсин. Эч нерсеге көңүлүм жок. Күйөөмдү эстей берем, күтө берем. Мени жактыргандар бар, бирок күнүмдүк эмес түбөлүктү көп ойлойм. Антейин десем кыйналып кеттим. Кантем?

Нурзат

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *