“Кабарчы” маалымат агенттиги теолог жана диний эксперт Ильяс Абдиевден Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын айланасында болгон окуялар тууралуу кыскача маек курдук:

— Саламатсызбы, өзүңүз билгендей Муфтиятта шайлоо процесси өзүнүн убактысынан созулуп, 3-4 жолу жылды. Шайлоо процессинин созулушуна эмне себеп болду?

— Биринчи себеби, аалымдарыбыздын бири-бири менен келише албагандыгынан болду. Топ-топко бөлүнүп, бири-бирине каршы болуп, жамандап чыгышты. Дүйнө менен мансап аларды азгырбашы керек. Алар ынтымакта болуп, бүт Кыргызстан элине үлгү болушу керек эле.
Экинчи себебин айтсак, бийлик аралашып, ар бири менен өз алдынча сүйлөшүп чыкканча убакыт керек болду. Дагы бир себеби, пандемия учуруна туура келип калды.

— Бул жерде кандайдыр бир саясий оюн болушу мүмкүнбү?

— Өздөрү чоң саясий оюн кылып салды. Муфтияттын айланасында ар кандай интриганын баары биримдиктин жоктугунан болду. Кайдагы Россиянын муфтийлер кеңешинин төрагасына чейин кат жазышып. Алардын биздин муфтиятка аралашуусун суранганы туура эмес болчу.
Мен өзүм 14 жыл Россияда муфтиятта иштегем, аларда 83 муфтият бар. Ар бир округ, облус жана субъекттердеги муфтийлер өз алдынча иштешет. Алардын бири-бири менен болгон мамилеси бизден да начар. Бир муфтий экинчи муфтийге баш ийишпейт. Анан аларда толгон-токой көйгөй турса, кантип бизге моралдык жактан жардам бере алмак?! Биздин дин өкүлдөрүбүз алардан жардам сурап кайрылганы такыр туура эмес деп билем.

— А сиздин оюңуз боюнча эмне кылыш керек эле?

— Биз Россиянын муфтийлигине көз каранды эмеспиз. Эч кимге кайрылбай эле, аалымдарыбыз өз ара чечиш керек болчу. Бүт Ислам динин тутунган өлкөлөргө уят болдук.

— Шайлоо процессинин чыгымдарына каражатты кайдан алышат?

— Муфтияттан бөлүнөт жана жетинчи курултайга 220 делегат катышып, алардын ар бири өз чөнтөгүнөн жол киресине, тамак-ашына төлөп келген. Негизи көп деле чыгым кеткен жок. Болгону, алыскы аймактан келгендерге мейманкана жана тамак-аш уюштуруп берилди. Албетте, жеке ишкерлерден акчалай жардам көрсөтүлдү.

— Учурунда “Максат ажыны азирети муфтийлик орунга алып келгенге бийлик кызыкдар эмес” деген кептер айтылган. Сиздин оюңузча Максат ажы бийликке кандайдыр бир коркунуч жаратат беле?

— Албетте, бийлик дагы жана аалымдар кеңеши дагы Максат ажынын азирети муфтийлике алып келишке кызыктар эмес эле. Кайра муфтийлике алып келбейт болчу. Мамлекетте дайыма элдин башын бириктирген жана ынтымака чакырган, сөзү өтүмдүү, салмактуу диний лидер болуш керек. Бийлике Максат ажынын коркунучу жок. Болгону анын жумуштан кетүүсүнүн себептеринен,  ишенчээктигинен, жанында күчтүү кадрлар жоктугунан, китепке так болбогондон жумуштан кетти.

-Шайлоо 3-4 жолу жылып олтуруп, акыры Замир кары Ракиев шайланды. Сиздин оюңузча шайлоо таза өттүбү?

-Шайлоо таза өттү деп ойлоймун. Курултайда бир добуш менен Замир кары Ракиев азирети Муфтий болуп дайындалды. Кандидаттардын ичинен эң татыктуусу эле. Замир кары Ракиев көп жылдардан бери муфтиятта ар кандай кызмат орундарда иштеп келет. Мындайча айтканда, муфтияттын “кухнясын” жакшы билип калган. Жакшы иш алып барып, көптөгөн реформаларды жүргүзөт деген ойдомун. Кудай Таалам дал ушул диний чөйрөдө иштешин каалаптыр. Бүгүнкү күндө Муфтий болуш өтө чоң жоопкерчилик.

-Маегиңизге рахмат.

Предыдущая статьяОлимпиада-2020: Акжол Махмудов экинчи атаандашын да таптак көтөрүп уруп, жеңишке жетти
Следующая статьяМээрим Жуманазарова утулуп жатып акыркы 2 секундда жеңишти тартып алды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here