Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан берки тарыхында отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн саясатчыларыбыз бар. Бирок ошол кыйын саясатчыларыбыздан эл да, мамлекет да пайда көрмөк турсун жабыр тартып келет. Алардын бири Ө. Ч. Текебаев. Мунун таржымалы тээ 90-жылдардан башталат. Ийгиликке жалаң гана популизм менен жеткен киши.

Учурду абдан баалай билген кыраакы киши, элдин көңүлүн кантип алууну да мыкты өздөштүргөн. Бирок 2010-жылдан берки кадамдары жана иш аракеттери менен элдин көңүлүн иренжитип алды. Коомчулук мунун чындыгында табиятынан кандай адам экендигин жатка билип бүттү. Бул киши адамдарды өз пайдасына иштете билүүнүн устаты, өзүнө пайда чыкпай турган болсо ар кандай өлкөгө пайдалуу иштен баш тартып коюу мунун адаты.

Келгиле эми фактыга өтөлү. Атамбаев аны түрмөгө камаган соң, ордуна фракция лидери болуп Алмамбет Шыкмаматов дайындалды. Шыкмаматовго катчы кылып Текебаев өзүнүн Мая деген жээнин коёт. Ал Шыкмаматовго кимдер келгендигин, кимдер менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн тынымсыз Текебаевге жеткирип турат. Шыкмаматов ар бир сүйлөшкөн кишиси аркылуу Текебаевге сурак берип турууга туура келип калды. Жыйынтыгында Шыкмаматов фракция лидерлигинен гана эмес, депутаттык мандатын тапшырып партиядан да кетүү менен аяктады. Көңүлү үч көчкөн журттай калды Текебаевден.
Тар чөйрөдө Текебаевди «Уу чынар» деген лакап аты менен атап да келишет. Анткени өзүнөн башка эч кимди чыгаргысы келбейт. Көрө албайт жч кимди. Буга Шыкмаматовдун мисалы күбө.

Садык Шерниязов, Бактыбек Калмаматов, Жоомарт Сапарбаевдер сыяктуу башка да толуп жаткан саясатка аттанам деген адамдарды шыйракка тээп жол тоскондугун эл билбейт деп ойлосо керек. Өзүн дүйнөлүк саясатчылардын катарына коюп алган буо популизмдин куу атасы Кыргызстанда акыркы он жылда көп эле чалмакейди чалды го. Бирок ар бир нерсенин чеги болгон сыяктуу бул киши да жооп берчү чегине жетип калды. Кызыктар алдыда…

Автор: Сайракан Салиева

Предыдущая статьяКүйөөм мени атасынан кызганып ура берет
Следующая статьяСүйлөшкөн кызымдын боюнда бар, бала менден эмес окшойт…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here