Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Данияр Нарымбаевди дагы эки айга камакта калтырды. Мага жеткен маалыматтар боюнча, тергөө органдары Нарымбаевди негизсиз шекке алууда. 2012-жылкы Данияр Нарымбаев ээлеген кызмат ордунда тергөө органдары шектеп жаткан кылмышка катышышы мүмкүн эмес эле.

Нарымбаев бүгүн ковиддин оор формасы менен ооруп, ооруканада. Баарыбызга белгилүү ковиддин оор формасы адамдын башка ооруларын да күчөтүп, ден соолук кайра калыбына келтирүүгө көп убакыт талап кылат.

Мына ушул жагдайларды эске алып, сот Нарымбаевди үй камагына чыгарыш керек болчу. Мен тергөө органдарына, соттун кийинки инстанциясынын мүчөлөрүнө адилеттүүлүк, гумандуулук деген принциптер так ушундай учурда колдонулушу керек экенин айткым келет. Ашыкча негизсиз катаал чараларды көрүү бийликке болгон эл ишенимин азайтат.

Предыдущая статья«Станислав-бизди жалгыз баккан карааныбыз болчу» дейт көлдө түтүк соруп каза болгон баланын таенеси
Следующая статьяВИДЕО- Жети-Өгүздө селден кийин балыктар жээкке чыгып калды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here