Күйөөмдүн кызганчаак экенин сүйлөшуп жүргөндө билчүмүн бирок мынчалык мыкаачы экенин билбептирмин. Баш кошконубузга беш жылдын жүзу болду. Көчөдө бирөө карап койсо деле үйгө келгенде ал сени эмнеге карады деп уруп койчу. Азыр үйдөн таптакыр чыкпайм. өзу болсо көрунгөн кыз-келиндер менен жүрөт. Кайненем бир жыл мурун кан басымдан улам каза болуп калды. Кайнатам байкуш жаш баладай эле болуп менин колумду карап калды. Кээде ага боорум ооруйт. көңүлү калбасын деп убагы менен чайын тамагын берип, кийимин тез- тез котортуп турам. Уулум менен кызым да анын жанынан чыкпайт. Ал кишинин мага оордугу деле жок. Пенсия алганда дайыма үйгө конфет печенье алып келет. Калганын мага карматат. ЭН жаман жери күйөөмдүн кайнатамдан кызганганы болуп жатат. Кечинде келип алып атам менен эмне кылдын деп урат. Кайнатамдан уялып буттүм. Кетип калайын дейм кайнатамды ким карайт деп аяп кетем. ал киши да баласынан улам кечке чейин дарбазанын сыртындагы отургучта отура берет. Чайга эки-үч жолу чакырып жатып аран киргизем. Карыганда баласынын кызганычынан улам жетим баладай болуп сыртта отурганы менин жүрөгумду оорутчу болду. Эмне кылсам атасынан кызганганын калтырам? Атасы экенин кантип түшүндүрөм. Же кайнежелериме айтсамбы алар мени туура түшүнөбу же кайнатамды батырбай жаткандай көрбөйбү?

Предыдущая статьяАтамбаев кыйын адам экен.
Следующая статьяТекебаевдин кандуу жолу

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here