Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы.

Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды да жазып туралычы. Качан окубайлы кайгылуу тагдырларды көрөбүз. Түшүнөм жашоодо ар түрдүү окуялар болуп турат, бирок анын арасынан да кээде жакшысы менен бөлүшуп туралычы. Жолдошум менен беш жыл сүйллөшүп жүруп баш кошконубузга бир жылдай болуп калды. Бирок келгендеги күн азыркыга чейин көз алдыман кетпейт. Эстеген сайын күлөм. Келгенден эки жума өтуп коноктордун аягы сууп калган эле кайним күйөөмө куюп койгондой окшош эле. Бир күну күйөөм базарга кетпей эле сарайдын сыртында үйдун кыгын чыгарып жатыптыр. Эчи жакты карасам эч ким жок чуркап барып жонуна минип мойнунан катуу кучактап алып бетинен чоп эттире өөп алдым күйөөм жонунан силкип ийди. Кулап түштум. Ызаланып кетип карасам өңү бопбоз болуп кайним турат. Көздөрү алайган. ушунчалык уялып кеттим. үйгө чуркаган бойдон кеттим. Ошол күну кайним чайга да келген жок. Бир айга чейин бири-бирибиздин астыбыздан чыкпай жүрдүк.  Кийин күйөөмө айтсам беш жыл сүйлөшүп дагы деле айырмабызды билбей калдыңбы деп шылдыңдап кулуп жүрдү. Азыр кайним үйгө көп каттайт, мени тамашалап спортсмен жеңе дейт. Мага окшоп күлкүлүү окуяларга кабылгандар барбы?

Предыдущая статьяСүйлөшкөн кызымдын боюнда бар, бала менден эмес окшойт…
Следующая статьяЖигитим “кыз эмес турбайсыңбы”-деп, мени ара жолдо таштап кетти

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here